Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Венесуэла кризиси: талаптар, эскертүүлөр, жооптор


АКШнын президенти Дональд Трамп Венесуэладагы кырдаалга аскерий кийлигишүү варианты дагы деле сакталып жатканын билдирди.

Ал эми президент Николас Мадуро болсо Венесуэлада жарандык согуш тутанышы ыктымал экенин эскертти. Венесуэладагы саясий жана конституциялык кризис күндөн-күнгө тереңдеп баратат.

АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү CBS телеканалына берген маегинде "Венесуэладагы окуяларга аскердик кийлигишүү болушу мүмкүнбү?" деген суроого жооп берип жатып, ал вариант дагы деле бар экенин билдирди. Ал кошумчалагандай, “бир канча ай мурда” Мадуронун жолугушуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан. Вашингтондун көз карашында, алар атагандай, диктатор Николас Мадуро бийлигин өткөрүп бериши керек:

- Мен ага жок деп жооп бергем. Анткени Венесуэлада үрөй учурган нерселер болду. Бул бир кезде дүйнөдөгү өтө бай мамлекет эле. Азыр эми жакырчылыкты, азап-тозокту, кылмыштууукту көрүп жатасыздар, - деди Американын президенти.

Оппозициянын митинги, 30-январь, 2019-жыл.
Оппозициянын митинги, 30-январь, 2019-жыл.

Трамптын администрациясы өткөн жумада “бардык варианттар үстөл үстүндө экенин” маалымдап, бирок аскердик кийлигишүү каралган-каралбаганын так айткан эмес.

Венесуэланын президенти Николас Мадуро куралдуу кагылышка жол бербей тургандыгын эскертүүдө. "Азыркы жаңжал жарандык согуш менен бүтүшү мүмкүнбү?" деген суроого ал мындайча жооп берди:

- Бүгүн буга эч ким ишенимдүү жооп бере албайт. Мунун баары түндүктөгү империянын жана анын батыштагы өнөктөштөрүнүн акылсыздыгынан жана агрессиясынан көз каранды. Бул бизден көз каранды эмес. Биз өзүбүздүн өлкөдө жашап жатабыз, биз ички ишибизге эч кимди кийлигишпегиле деп сурануудабыз. Биз өз өлкөбүздү коргоого даярданып жатабыз.

Ишемби күнү Каракастын көчөлөрүнө Николас Мадуронун башкаруусуна каршы экенин билдирген 100 миңдеген киши көчөгө чыкты. Алар - Улуттук Ассамблеянын (парламент) спикери, 35 жаштагы саясатчы, 23-январда миңдеген элдин алдында өзүн “убактылуу президент” деп жарыялаган Хуан Гуайдону колдогондор.

- Мен бул жерге өз өлкөмдө демократия жана эркиндик болушу үчүн келдим. Мен демократияда төрөлгөм жана демократияда өлөм. Бул - эркиндиги жана демократиясы бар, адам укуктары сакталган жаркын, коопсуз келечекти самаган бардык жаштардын үмүтү, - деди нааразылыкка чыккандардын бири Айлин Гонсалес.

2013-жылы Уго Чавес өлгөндөн кийин бийликке келген Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган.

2-февралда Венесуэланын аскер-аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Яньес оппозиция лидери Хуан Гуайдону өлкөнүн "мыйзамдуу президенти" деп тааныды. Ал мындай кадамга барган биринчи генерал болуп калды.

- Мен Куралдуу күчтөрдүн 90 пайызы диктатор менен эмес, Венесуэланын эли менен экенин билем, - деди генерал Франсиско Яньес. Утурумдук президент Хуан Гуайдо башка аскерлерди да эл тарапка өтүүгө чакырды:

- Биз сиздердин демонстранттарды атууну токтотууңуздарды гана эмес, Венесуэланы кайра куруунун бир бөлүгү болушуңуздарды да каалайбыз.

АКШнын вице-президенти Майк Пенс 1-февралда айтканына караганда, ушул күнгө чейин Гуайдону 20дай мамлекет утурумдук президент катары тааныды. Ал эми 3-февралда Европа Биримдигиндеги жети мамлекет Хуан Гуайдону президент катары таанууга даяр экендиктерин билдиришти. Ал эми Европарламент Гуайдону президент деп тааныган чечимин өткөн жумада жарыялаган. Буга чейин Германия, Франция, Улуу Британии, Испания, Португалия, Нидерланд жана Бельгия Мадурону тез арада президенттик шайлоо өткөрүү чечимин жарыялоого 8 күн убакыт берген. Ал Европа Биримдигиндеги мамлекеттердин талабын ультиматум деп атап, андай талаптарды кабыл албай тургандыгын билдирди.

Ал арада Венесуэланын президенти Николас Мадуро өлкөдө парламенттик шайлоону өткөрүү тууралуу чечимин жарыялады. Ал бул тууралуу 2-февралда тарапташтары менен жолуккан учурда айтты.

Мадуро президенттин көзөмөлү алдындагы Конституциялык ассамблея Улуттук Ассамблеянын (парламенттин) кезексиз шайлоосуна даярданышы керек экенин айтты. Буга чейин Венесуэлада кезектеги парламенттик шайлоону өткөрүү 2020-жылга пландаштырылган.

Ошол эле кезде Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү негизги күч түзүмдөрүнүн жетекчилери президент Николас Мадурону колдоп жатышат.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG