Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Венесуэлада ажырым тереңдеди


Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.

Венесуэлада эки тараптын тиреши күчөп баратат.

Жогорку сот өзүн убактылуу президент катары жарыялаган Хуан Гуайдого өлкөдөн чыгууга тыюу салды. Гуайдо өз өмүрүнө коркунуч жаралса да артка жол жок экенин билдирүүдө. Шейшемби күнү кечке жеткирбей президент Николас Мадуро тарап оппозицияга дагы бир сокку урду.

Башкы прокурор Тарек Уильям Сааб өзүн президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун өкмөткө каршы иш-аракети боюнча иликтөө баштады. Ал буга байланыштуу жүрүш лидеринин жүрүм-турумун чектөөнү Жогорку соттон өтүнгөн. Өтүнүч бир нече сааттан кийин канааттандырылды.

- Иликтөө бүткүчө ага өлкөдөн уруксатсыз чыгууга тыюу салынат. Ага таандык мүлк эсепке алынып, анын Венесуэланын аймагында банк эсеби аркылуу же башка каржылык операцияларды жүргүзүшүнө бөгөт коюлат, - деди Венесуэланын Жогорку сотунун төрагасы Майкел Морено.

Ушул эле күнү Гуайдо Венесуэла өзгөрүүнү көздөй артка тартпас жолдо кетип баратканын билдирди. Ошол эле учурда ал керт башына коркунуч түшүп турганын четке каккан жок.

- Эгер бүгүн бир нерсе болсом, адамдар эмне кылышты, аларга эмне керек экенин билишет, - деди ал. – «Эртең көчөгө чыккыла» деген чакыруу бар, ишембиде чыгууга чакырык бар. Конституцияны коргош үчүн биз Улуттук Ассамблеяда абдан так жолду көрсөттүк: бул узурпацияны токтотуу, өткөөл өкмөт жана эркин шайлоо. Бул Венесуэланын артка кайткыс жолу экенин баары көрсөтүүдө.

Шейшембиде Гуайдо убактылуу өкмөттү түзүү ишин жандантып, он чакты дипломатты өзүн тааныган өлкөлөргө атайын өкүл кылып дайындады.

Хуан Гуайдонун жактоочулары. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдонун жактоочулары. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

Андан мурунку күнү АКШ Мадурого каршы экономикалык чарасын баштап, Венесуэланын эң ири мамлекеттик PdVSA компаниясына санкция киргизген. Ага ылайык, компаниянын Кошмо Штаттардагы эсептери камакка алынып, америкалыктардын PdVSA менен келишим түзүп, акча которушуна бөгөт коюлду.

Венесуэла мунайынын 40% АКШга сатыларын эске алганда бул олуттуу экономикалык кысым. Вашингтон Мадуронун өкмөтү компаниядан миллиарддаган акча уурдаганын, камакка алынган каражаттар өлкөдө эл ишенген бийлик келгенде кайтарыларын белгилеп жатат.

Айтмакчы, 29-январда парламент депутаты Хосе Герра “Орусиядан келген учакка мамлекеттик запастын бир бөлүгү - 20 тонна алтынды жүктөп чыгарып кетүүгө далалаттанып жатат” деп Улуттук банктын жетекчилигин айыптап чыкты. Орусиянын “Боинг 777” учагы андан бир күн мурда Каракаска конгон эле.

Жергиликтүү басылмалар “Nordwind Airlines” компаниясына таандык учактын бул сапары мурда пландалбаганын, бул компания мурда Венесуэлага бир да келбегенин жазышты. Венесуэланын мамлекеттик алтын запасынын 15% - акчалай 1 млрд. долларга барабар алтыны Британияда сакталып турат.

Англия банкы Гуайдонун аны Мадурого бербөө тууралуу өтүнүчүн колдогон. Өзү да мурда Улуттук банкта иштеген депутат Герра ушундан кийин дароо Москвадан учак келгенин белгилөөдө.

Николас Мадуро 10-январда экинчи президенттик мөөнөтүнө киришкен. 2010-жылдан бери саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске баткан бул өлкөдө ушундан кийин нааразылык акциялары кайра күч алган. 23-январда Улуттук Ассамблеянын спикери Хуан Гуайдо миңдеген элдин алдында өзүн убактылуу президент деп жарыялаган. Аны АКШ, Канада жана Латын Америкасындагы ири өлкөлөр тааныган.

Орусия, Кытай, Иран, Түркия, Мексика жана Венесуэланын өзүндөгү күч түзүмдөрүнүн жетекчилиги Мадуро тарапта турушат. Москва анын өкмөтүн колдоо үчүн баарына даяр экенин шейшембиде билдирген.

Былтыр Түштүк Американын бул өлкөсүндө инфляция 1,3 млн. пайыз көтөрүлүп, улуттук акчанын куну эбегейсиз түштү. Азык-түлүк, дары-дармек жана башка күнүмдүк эң керектүү нерселер таңкыс. Ачарчылыктан кутулуу аргасында 3 млн. жаран жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG