Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:31

АКШ Венесуэланы акчалай жазалады


Венесуэлада өкмөткө каршы чыккандар.
Венесуэлада өкмөткө каршы чыккандар.

Венесуэладагы кырдаал күндөн күнгө өзгөрүп жатат. Кошмо Штаттар экономикалык кысымын баштаса, Орусия Мадуро үчүн баарына даяр экенин кыйытты. Улуттар Уюму өлгөн адамдар көбөйгөнүн билдирсе, укук коргоочулар бийликти сактап калуу далалаты дагы далай өмүрлөрдү кыябы деп тынчсызданууда.

Каржы булагы какшыйт

Petrоleos de Venezuela же PdVSA - Венесуэланын мамлекеттик жана монополист мунай компаниясы. Өлкөгө чет элдик валюта менен киреше түшүргөн бирден бир булагы.

Вашингтон дүйшөмбүдө ушул компанияга санкция салды. Ага ылайык, АКШ юрисдикциясындагы PdVSAнын бардык активдерине бөгөт коюлат жана америкалыктардын бул компания менен каржылык операция жүргүзүүсү чектелет. Ошондой эле Кошмо Штаттардагы филиалы Citgo компаниясына да терс таасир этет.

Венесуэла мунайынын эң ири бөлүгү - 40% АКШга экспорттолорун эске алганда бул олуттуу экономикалык кысым.

- Биз Мадуронун жана анын өнөктөштөрүнүн коррупциясынын бетин ачууну улантабыз. Бүгүнкү аракет алар мындан ары Венесуэла элинин байлыгын уурдай албайт деген кепилдик, – деди дүйшөмбүдө, санкция салынарын жарыялап жатып АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон.

Болтон менен Мнучин маалымат жыйынында
Болтон менен Мнучин маалымат жыйынында

Маалымат жыйынына аны менен чогуу келген каржы министри Стивен Мнучин мамлекеттик компаниядан буга чейин миллиарддар уурдалганын, бул чара мунайдын акчасын Мадуро башка жакка чыгарып кетпеши үчүн колдонулганын белгиледи.

Компания Хуан Гуайдо (бул киши тууралуу маалымат төмөндө) тараптын башкаруусуна өткөндө гана санкциялар жеңилдеп, каражаты кайтарылышы мүмкүн. Гуайдо өз кезегинде PdVSA деректирлер кеңешин түзүүнү парламентке тапшырганын билдирди.

Николас Мадуро
Николас Мадуро

Венесуэланын президенти Николас Мадуро дароо телекайрылуу жасап, Вашингтондун чечимин катуу сындады:

- Бул мыйзамсыз, бир тараптуу, уятсыз жана кылмыштуу. Мындай чаралар аркылуу америкалыктар Сitgo компаниясын венесуэлалыктардан уурдап алганы турат.

Ал эми Орусия жаңы санкциялар “эл аралык укук нормаларынын баарын” бузат деп кабыл алды. Тышкы иштер министри Сергей Лавров Мадурону колдоо уланарын баса айтты:

- Президент Мадуронун мыйзамдуу өкмөтүнүн Венесуэла Конституциясын жана конституция талаасындагы кризисти чечүү ыкмаларын коргоп калуусун колдоо үчүн баарын жасайбыз.

Сергей Лавров
Сергей Лавров

Лавров АКШ “латынамерикалык бул өлкөдөгү мыйзамдуу бийликти төңкөрүүгө ачык бет алды” деп кошумчалады.

Кошмо Штаттары оппозиция лидерлерин камап, одоно мыйзам бузуулар менен шайланды деп Мадурону президент катары тааныбайт. Ошон үчүн Венесуэлада азыр президент жок, мындай шартта өлкө жетекчилиги парламент төрагасына өтөт деген жүйөнү карманат.

Оппозициячы, спикер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент деп жарыялаганда Вашингтон биринчи болуп тааныган. Ага Канада, Латын Америкасындагы ири мамлекеттердин көбү кошулган.

Былтыры майда өткөн президенттик шайлоону “эркин да, адилет да болбогон, демократиялык легитимдүүлүгү жок” деп баа берип, Евробиримдиктин кубаттуу өлкөлөрү Мадурого ишембиде талап койгон. Сегиз күн ичинде жаңы шайлоо жарыялабаса Франция, Британия, Германия жана Испания да президент катары Хуан Гуайдону таанымакчы.

Ал эми Орусия, Кытай, Иран, Түркия Мадуро тарапта болууда.

“Колумбияга 5000 аскер”

Экономикалык кысымдан тышкары АКШ эми аскердик жактан да кийлигишеби деген талкуу күчөп жатат.

Буга кеңешчи Жон Болтондун дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынына көтөрө келген блокнотунан журналисттер “Колумбияга 5000 аскер” деген жазууну байкашканы негиз берди.

"Fox news" телекомпаниясы өз булагына таянып зарылчылык болсо Колумбияга аскер жиберүү Ак үйдө талкууланганын, бирок чечим кабыл алынбаганын маалымдады.

Болтондун блокнотундагы жазуу талкууну күчөттү
Болтондун блокнотундагы жазуу талкууну күчөттү

Хуан Гуайдо сырттан аскердик кийлигишүүнү колдобосун билдирди. Ага удаа эле элди көчөгө чыгууга, аскерлерди аларды атпоого чакырууда. Гуайдо жетекчилиги Мадурону колдогону менен катардагы жоокерлердин чечими башка деген ойдо:

- Бүгүн куралдуу күчтөр адегенде каатчылыкта жашап аткан үй-бүлөсү менен. Алардын тамак-ашы жок, күнүмдүк негизги муктаждыктарын канааттандырууга каражаты жок, айына 3 долларга жашап атышат.

Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.

Венесуэланын саясий турмушунда армиянын таасири зор. Ошондуктан аскер жетекчилеринин колдоосу Николас Мадуро үчүн чоң күч. Буга чейин Рейтер агенттиги "ЧВК Вагнер" деп аталган жеке аскердик компаниянын 400 жоочусу Каракаска жиберилгенин маалымдаган. Кремль аны четке какты.

Бийлик талаш өмүрлөрдү кыюуда

Эл аралык Human Rights Watch укук коргоо уюмундагылар Мадуро бийлигин кармап калыш үчүн күч колдонуу уланышы ыктымал деп тынчсызданууда.

Ал тапта 29-январда Улуттар Уюму каршылык күчөгөн акыркы күндөрү 40 адам өлтүрүлгөнүн билдирди. Анын 26сы өкмөттүк күчтөр тарабынан, бешөө рейд учурунда, 11и мародерчулук учурунда ажал тапканы такталган. Ошондой эле 21-26-январда 850дөн ашуун киши, арасында ондогон балдар да кармалган.

Хуан Гуайдонун жактоочулары. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдонун жактоочулары. Каракас, 25-январь, 2019-жыл.

Узакка созулган экономикалык каатчылык, коррупция жана оппозицияга карата зомбулук элди көчөгө чыгарган. Азык-түлүк, дары-дармек таңкыс. Акыркы жылы гиперинфляция 1,3 млн. пайызга көтөрүлүп, улуттук акчанын куну качты. Мындан улам үч миллиондон ашуун венесуэлалык жакынкы чет өлкөлөргө кетүүгө аргасыз болушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG