Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

ЕБ өлкөлөрү Мадурого сегиз күн берди


Президент Николас Мадуро аскерий машыгууга катышууда. 27-январь, 2019-жыл.
Президент Николас Мадуро аскерий машыгууга катышууда. 27-январь, 2019-жыл.

Кош бийлик орногон Венесуэладагы кырдаал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде талкууланды.

Ал эми Евробиримдиктин ири өлкөлөрү президент Николас Мадурого жаңы шайлоо дайындоосу үчүн сегиз күн мөөнөт берип, болбосо өзүн утурумдук президент деп жарыялаган Хуан Гуайдонун бийлигин тааный турганын эскертүүдө.

Бул арада Венесуэлага Орусиянын жалданма аскерлеринин чоң тобу барганы кабарланып, бирок расмий Москва мындай маалыматтардан күмөн санаган түр көрсөттү.

Кош бийлик орногон Венесуэладагы кырдаал Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин ишембидеги чукул жыйынында талкууланды.

Ага АКШдан катышкан мамлекеттик катчы Майк Помпео Николас Мадурону кайрадан “мурдагы президент” деп атап, дүйнө мамлекеттерин саясий, экономикалык, гуманитардык кризистин кучагындагы Венесуэлада “эркиндиктин күчтөрүн” колдоого үндөдү:

Майк Помпео
Майк Помпео

- Биз бул жерде бардык өлкөлөрдү Венесуэла элинин демократияга умтулуусун колдоого чакыруу үчүн чогулдук. Алар мурдагы президент Мадуронун мыйзамсыз, мафиялык мамлекетинен бошонууга аракеттенип жатышат. Азыр мына ар бир мамлекетке өз тарабын тандай турган учур келди. Күтүүгө жана ойноого болбойт. Силер, же эркиндиктин күчтөрү, же Мадуро жана анын тополоңу менен бирге болосуңар. Өз мамлекеттерин демократиясы жок башкаргандар, оор абалга кабылган Мадурону жактап турганы таң калыштуу эмес. Бул өлкөлөр уялбастан эле айткандарына карабай, эл аралык нормаларды деле сыйлашпайт. Орусия менен Кытай иши оңунан чыкпай калган режимди ага инвестиция жана жардам катары ойлонулбастан берилген миллиарддаган долларын кайтаруу аракетинде колдоодо.

Венесуэланын тышкы иштер министри Хорхе Арреаса АКШ мамлекеттик катчысынын бул сөздөрүнө жооп кылып, Вашингтонду “мамлекеттик төңкөрүштүн артында эмес, алдында турууда” деп айыптады.

Коопсуздук кеңешинде АКШны Венесуэланын бийлигине каршы саясаты үчүн Орусия да күнөөлөдү. Ал эми Евробиримдиктен алардын президент Николас Мадурго койгон талабы айтылды.

БУУнун Коопсуздук кеңешине Евробиримдиктен мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү менен Британиянын Америка жана Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Алан Дункан тааныштырды.

Билдирүүдө "Венесуэланын былтыр майда өткөн шайлоосу эркин да, адилет да болбогону, демократиялык легитимдүүлүгү жоктугу, өлкө элдин эркин чындап чагылдырган өкмөткө чукулунан муктаждыгы” көргөзүлөт.

Евробиримдиктин ири өлкөлөрү Франция, Британия, Германия жана Испания, эгер Мадуро сегиз күндүн ичинде жаңы шайлоо дайындабаса, алар утурумдук президент катары Хуан Гуайдону тааный тургандыктарын белгилешти:

Педро Санчес
Педро Санчес

- Испан өкмөтү Николас Мадурого ачык-айкын, эркин, демократиялык шайлоо дайындоосу үчүн сегиз күн берет. Эгер мындай болбосо Испания Хуан Гуайдону мына ушундай шайлоону уюштурууга жоопкер президент деп тааныйт. Биз Венесуэла өкмөтүн дайындоого же алууга умтулган жокпуз. Биз бул өлкөдө эркин шайлоо болуп, демократия орношун көздөйбүз, - деди ишемби күнү испан өкмөт башчысы Педро Санчес Мадриддин турумун чечмелеп.

Испания - Евробиримдиктин венесуэлалык качкындар жана мигранттар эң көп келген өлкөсү.

Гуайдонун жана Мадуронун аракеттери

Венесуэла оппозициясынын 35 жаштагы лидери, оппозиция үстөмдүк кылган парламент төрагасы Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент катары жарыялаган 23-январдан бери анын бийлигин АКШ, Канада жана Латын Америка чөлкөмүндөгү ири оюнчулардын көбү, анын ичинде Бразилия, Аргентина, Колумбия тааныган.

Алыскы мамлекеттерден Гуайдонун бийлигин тааныгандардын катарына жекшемби күнү Австралия менен Израил да кошулду.

Куба, Мексика, Боливия, Никарагуа, алыскы өлкөлөрдөн Орусия, Кытай, Иран, Түркия Мадуро тарапта турууда.

Гуайдо акыркы күндөрү эл менен жолугушууларды борбор Каракаста, көчөдө өткөрүп, өлкөгө гуманитардык жардам киргизүүгө уруксат бергенин, тыш дүйнө менен байланыш түзүп жатканын билдирүүдө.

Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.
Хуан Гуайдо кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. 27-январь, 2019-жыл.

- Биз бардык өлкөлөргө кайрылуу менен аларга Венесуэланын активдерин талаптагыдай коргоп берүүнү өтүнгөн кат жолдодук. Анткени Мадуронун бийлиги биздин өлкөнү тоноону улантпашы керек, - деди Гуайдо 27-январдагы сөзүндө.

Маселен, Гуайдо Британиянын бийлигине жазган катында Венесуэланын Англия банкында сакталып турган алтын корун Мадуронун өкмөтү пайдалана алуусун токтотууну өтүнгөн.

Гуайдо алар Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелетти Венесуэлага тезинен иш сапар менен келип, Мадуронун бийлигинин адам укугун бузууларын өз көзү менен көрүүсүн суранып жатышканын да кошумчалады.

Николас Мадуро аскерий машыгууга катышууда. 27-январь, 2019-жыл.
Николас Мадуро аскерий машыгууга катышууда. 27-январь, 2019-жыл.

Ал эми Николас Мадуро оор техника тартылган аскерий машыгуу уюштуруп, жаңы шайлоо жөнүндөгү талаптарды четке какты.

- Европанын туруму одоно жана туруктуу эмес. Ал өз ультиматумун кайра артка алуусу кажет. Венесуэладан кеткиси келсе азыр кете беришсин, биз өз жолубузду улантабыз. Бактыга жараша биз Европадан көз каранды эмеспиз, - деди Мадуро CNN Turk телеканалы менен маегинде.

Бул арада Мадурого жардам берүү үчүн Орусиядан Венесуэлага 400дөй жалданма аскер жеткирилгени тууралуу маалыматтар тароодо.

Бирок Кремль бул кабарларды тикелей төгүндөгөн да, ырастаган да жок.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG