Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

"Агора" уюму: Орусияда Интернетти чектөө күчөдү


2018-жылы Орусияда Интернетти чектөөнүн картасы. "Агора" уюму түзгөн карта.
2018-жылы Орусияда Интернетти чектөөнүн картасы. "Агора" уюму түзгөн карта.

Былтыр Орусияда Интернетти алты жүз жолу чектөө фактысы катталган. Бул тууралуу шейшембиде жарыяланган "Агора" уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Андагы иликтөөгө таянсак, былтыр 2017-жылга салыштырмалуу Орусияда Интернет эркиндигин чектөө алты эсе көбөйгөн. Маселен, мурдагы жылы 26 гана аймакта ушундай фактылар катталса, былтыр алардын саны 41ге чейин жеткен.

Баяндаманын авторлору орус бийлиги ири интернет-компанияларды кызматташууга мажбурлап, аларды монополизациялоо аркылуу маалымат желесин толугу менен көзөмөлгө алууга ашыгып жатканын белгилешет. Ошону менен катар “Интернет эркиндиги - 2018” деген баяндамада мамлекеттик мекемелер интернет-провайдерлердин ишине бөгөт коюу натыйжасыз экенине ынанышканы белгиленет.

Эл аралык "Агора" уюму Интернет эркиндигин чектөө фактыларына 10 жылдан бери байкоо жүргүзүп келатат.

XS
SM
MD
LG