Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:33

ТИМдин өкүлү: Орусиянын экинчи аскер базасын ачуу күн тартибинде жок (видео)


Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус биргелешкен антитеррор машыгуулары. 25-сентябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көлдөгү кыргыз-орус биргелешкен антитеррор машыгуулары. 25-сентябрь, 2018-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин бөлүм башчысы Уланбек Тотуяев Кыргызстандын аймагында Орусиянын экинчи аскердик базасын ачуу күн тартибинде жок экенин билдирди. Ал бул жөнүндө “Азатттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө сүйлөп жатып айтты.

- Менин оюмча бул маселе Орусиядагы элчинин маегинен гана келип чыкты деп айта алам. Анткени ал жерде туура эмес суроо болуп, ага карата жооп теманы башка нукка салып койду. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Орусиянын мамилесинин күн тартибине мындай маселе чыга элек, - деди ал.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров да 3-4-февралда Бишкектеги расмий иш сапарында бул жолугушууларда аталган маселе талкууланбаганын билдирген. Анын сөзүн Кыргызстандагы кызматташы Чыңгыз Айдарбеков да ырастаган.

Анын алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган Аликбек Жекшенкулов Орусиянын мамлекеттик ТАСС маалымат агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып расмий Бишкек Кыргызстанда Орусиянын экинчи аскердик базасын ачууну четке какпай турганын билдирген. Анда элчи бул маселе орус президенти Владимир Путин март айында Бишкекке келгенде талкууланышы мүмкүн экенин маалымдаган.

Бул демилге боюнча Кыргызстандагы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда талкуулар жаралган. Жекшенкулов бүгүн база боюнча анын сөздөрүн айрым күчтөр бурмалып жатышканын айткан эле.

Кыргызстанда азыр Орусиянын бирдиктүү аскер базасы бар. Анын курамына Канттагы аскердик аэродром, Ысык-Көлдөгү аскер-деңиз базасы, Майлуу-Суу шаарындагы сейсмикалык пункт жана Чалдовар айылындагы байланыш түйүнү кирет. (BkA\ErN)

XS
SM
MD
LG