Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:49

Зардалы айылына баруучу жолдун кооптуу бөлүгүн жаштар оңдошту


Баткен-Зардалы жолунун жөө адамдар жүрүүчү чыйыр жолу.
Баткен-Зардалы жолунун жөө адамдар жүрүүчү чыйыр жолу.

Баткен-Зардалы жолундагы тоо бооруна салынган 12 чакырым чыйыр жолду Кара-Бак айылынын жаштары чогулуп, кол күчү менен кум-шагылдан тазалап, оңдоп чыгышты. Баткен районунун алыскы Зардалы айылына кыш мезгилинде автоунаа баруучу жол кардан улам жабылып калат. Ушундан улам кеч күздөн тартып май айларына чейин жергиликтүү эл тоо кыркасында жайгашкан жөө жүрүүчү кооптуу чыйыр жол менен каттап келет. Жөө каттам жолго кышында кум, шагыл көчүп түшүп тосулуп калган.

Баткен районундагы Зардалы айылына 1999-жылы "Өзбекстан ислам кыймылынын" жоочулары бастырып кирип, айыл жашоочуларын бир айдан ашуун убакыт барымтада кармап турган. Айылда электр энергиясы жок. Бир башталгыч мектеп бар. Кыш мезгилинде Зардалыда 30дан ашык үй-бүлө кыштайт. (JsA)

XS
SM
MD
LG