Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Ош аэропортунда да эвакуация жүрүп жатат


"Манас" эл аралык аэропорту.
"Манас" эл аралык аэропорту.

"Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын билдиргени боюнча, "Ош" аэропортунда жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат 5-февраль күнү, саат 18:46да келип түшкөн. Учурда аэропорттогу жүргүнчүлөрдү жана кызматкерлерди эвакуациялоо жүрүп жатат.

Буга чейин бүгүн саат 15:09да "Манас" аэропортуна жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалымат түшүп, жүргүнчүлөр жана кызматкерлер эвакуацияланган. УКМК кызматкерлеринин иликтөөсүнөн кийин аба майданынын иши саат 17:40та кайра жанданды. Эвакуацияланган адамдар эки сааттан ашуун убакыттан соң имаратка кайра киргизилди. Бирок издөө-иликтөө иштери уланууда.

Жагдайдан улам саат 17:05те Бишкек-Москва багытындагы каттам кечигип учмай болду. Жадыбалга ылайык, саат 18:05те Новосибирскиге, 18:45те Ошко, 19:50дө Красноярскиге, 20:15те Алматыга жөнөчү каттамдар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG