Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:55

«Ош аэропортуна бомба коюлган» деген маалымат жалган болуп чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди. Анын айтымында, УКМК кызматкерлери менен чогуу жүргүзүлгөн иликтеп-текшерүү ишинин натыйжасында аэропорттон эч кандай жардыргыч түзмөк табылган жок.

- Ош аэропортунан эч кандай кооптуу заттар табылган жок. Аэропорт кадимки тартибинде учактарды кабыл алып, учууларды жүргүзүүгө даяр, - деди ал.

5-февраль күнү саат 14:41де Кыргызстандагы аба компанияларынын биринин электрондук почтасына «Манас» аэропортундагы имараттардын бирине саат менен иштөөчү жардыруучу түзмөк коюлганы тууралуу кат келген. Бул маалыматты текшериш үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) атайын кызматкерлери аэропортко барып, иликтеп-текшерүү иштерин жүргүзүп, эч кандай кооптуу зат табышкан эмес.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, баштапкы маалыматтар боюнча билдирүү чет өлкөдөн келген. Ошол эле билдирүү саат 18:46да «Ош аэропортунда жардыруучу түзмөк бар» деп кайра жиберилген. Ушундан улам Ош аэропорту жана башка стратегиялык маанилүү объектилер текшерүүгө алынган.

Ушул тапта «Манас» аэропорту да кадимки калыбында иштеп жатат. УКМК жана милиция жалган маалымат тараткан адамдарды табуу боюнча иш жүргүзүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG