АКШнын президенти Дональд Трамптын кайрылуусу 6-февралда Кыргызстан убактысы боюнча саат сегизде башталды. Президент Трампты Конгресс мүчөлөрү жана башка чакырылган коноктор кол чабуу менен тосуп алышты.
- Урматтуу спикер, урматтуу вице-президент, урматтуу конгрессмендер жана менин сүйүктүү америкалыктарым, - деп баштады сөзүн Трамп. - Дүйнөнүн миллиондогон эли бул жараянга көз салып турат. Мен өлкөнү эки партия катары эмес, бир эл катары башкарабыз деп үмүттөнөм. Бүгүнкүгө белгиленген программа да эки партияга тиешелүү эмес, бул жалпы Америка элинин программасы. Биз баарыбыз тең шайлоодо "америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн иштейбиз, Американын инфраструктурасын өнүктүрөбүз, саламаттык сактоонун баасын төмөндөтөбүз, эл аралык саясатта Американын ордун көтөрөбүз" деп убада бергенбиз. Эл аралык саясатта Америка жетишкен жеңиш - кайсы бир партиянын эмес, жалпы биздин өлкөбүздүн жеңиши.
Америкалык лидер бүгүнкү кайрылуусунда иммиграцияга, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарга жана Кошмо Штаттардын экономикасына көңүл бурмакчы.
Ушул тапта Конгресстеги демократтар менен Ак үйдүн саясий кармашы күчөп турат. Трамптын Конгресттин биргелешкен жыйынындагы бул кайрылуусу өкмөттүн ишин жарым-жартылай токтоткон АКШнын тарыхындагы эң узак “шатдаундан" кийинки учурга туш келди.
Кошмо Шаттарда президент жыл сайын Конгрессте өлкөдөгү кырдаал тууралуу баяндама жасайт. 29-январда Трампка Конгресстин төмөнкү палатасына келип сүйлөөгө чакыруу жиберилген. Бирок Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өкмөттөгү “шатдаунга” байланыштуу "коопсуздуктан улам" деген жүйө менен президентти чакыруудан баш тарткан.
Трамп өлкөнүн түштүк чек арасына дубал куруш үчүн Конгресстен беш миллиарддан ашык доллар сураган. Конгрессте көпчүлүктү түзгөн демократтар буга макул болгон эмес.