Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

"Манас" аэропортунун иши кайрадан жанданды

"Манас" аэропорту, 6-февраль. Таң ата элек кездеги учур.
"Манас" аэропорту, 6-февраль. Таң ата элек кездеги учур.

Калың кар менен бурганактан улам 6-февралда таңкы саат 6:30да ишин токтоткон "Манас" эл аралык аэропортунда саат 10:08ден тартып жумуш кадимки тартипте улана баштады.

Аба майданынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул аралыкта онго жакын каттамдын учуп-конушу кечикти. Дубайдан жана Стамбулдан келчү учактар Ташкенттеги запастык аэродромго конду.

XS
SM
MD
LG