Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:57

Бишкек шаарында Кайгуул милициясы кайра түзүлөт


Патрулдук милициянын кызматкерлери. Буга чейин түзүлгөн учурда тартылган сүрөт.
Патрулдук милициянын кызматкерлери. Буга чейин түзүлгөн учурда тартылган сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгын түзүү боюнча буйрукка кол койду. Анда аталган кызматты түзүү боюнча иш-чаралардын планы бекитилген. Чечим республиканын укук коргоо тутумун реформалоонун алкагында ички иштер органдарынын ишин иретке келтирүү максатында кабыл алынган.

Пилоттук долбоор Бишкек шаарында 2019-2020-жылдары ишке ашырылат, жыйынтыгында тутумдук талдоо жүргүзүлөт. Анын негизинде ИИМдин Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгын Милициянын кайгуул кызматына кайра түзүү боюнча чечим кабыл алынат.

Милициянын кайгуул кызматына кызматкерлерди тандоо үч баскычта өткөрүлөт. Биринчи баскычта тандалган кызматкерлер 2019-жылдын 1-июлунан тартып кызматтык милдеттерин аткарууга киришет.

Бул план президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн жол коопсуздугун камсыздоочу ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоо боюнча эксперттик жумушчу топ менен бирге иштелип чыккан.

Буга чейин ИИМДин жол тескөөчү кызматы Кайгуул милициясы деп аталып, кийин кайра Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы деп өзгөртүлгөн эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG