Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Өкмөт автокамсыздандырууну кечеңдетүү боюнча депутаттардын сунушун колдоду


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

Өкмөттүн аппараты атайын билдирүү таратып, автоунааны камсыздандыруу боюнча мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгесин өкмөт колдоого алаарын жарыялады.

Анда мындай чечим жыл башынан тартып айыппулдарды, анын ичинде жол кыймыл эрежесин бузуу үчүн айыппулду көбөйтүүнү караган бир катар кодекстер менен мыйзамдардын күчүнө киришине байланыштуу кабыл алынганы айтылат.

“2018-жылы мыйзамды толук ишке ашырыш үчүн мыйзам алдындагы ченемдик-укуктук актылардын, анын ичинде камсыздоо тарифтеринин, камсыздоо эрежелеринин, автоматташтырылган маалыматтык борбордун жана мамлекеттик органдардын өз ара ара аракеттешүүсү тууралуу жобону бекитүүнү караган бардык тийиштүү долбоорлор иштелип чыккан. Бирок өкмөт бул маселе Жогорку Кеңеште каралган соң, ага кайрылууну чечти”, деп айтылат билдирүүдө.

«Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамды эки жылга - 2021-жылга чейин жылдырууну депутат Төрөбай Зулпукаров 17-январда Жогорку Кеңештин отурумунда сунуш кылган.

Сөз болуп жаткан мыйзам 2015-жылдын 24-июлунда кабыл алынган жана 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирүүгө тийиш болгон. Жогорку Кеңештин депутаттары 2016-жылдын январь айында мыйзамдын күчүнө кирүү мөөнөтүн үч жылга жылдырышкан. Натыйжада ал 2019-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек. (ErN)

XS
SM
MD
LG