Бишкекте Чыңгыз Айматов атындагы Кино үйүндө Иран киносунун күндөрү башталды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-февралда башталган маданий өнөктүк Ирандагы Ислам революциясынын 40 жылдыгына арналат.
Программада эки фильм бар. 7-8-февраль күндөрү "Дем" жана "Суу пери" тасмалары көрсөтүлөт. Кино чыгармалары Сокулук районунун Ново-Павловка айылында Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейде, Кыргызстандын эл аралык университетинде сунуш кылынат.