Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Депутат премьер-министрди туризм жаатында жаңыча иштөөгө чакырды


Жыргалаң өрөөнүндөгү туристтер.
Жыргалаң өрөөнүндөгү туристтер.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу “Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын түзүлүп жатканы Жогорку Кеңеште сынга кабылды. Парламенттин 6-февралдагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев муну эски ыкма менен катардагы бир мамлекеттик кеңсени ачуу катары сыпаттап, туризм тармагын жеке сектор аркылуу өнүктүрүү керек экенин белгиледи. Акаев премьер-министрди жаңыча иштөөгө чакырып, туризм тармагы өнүгүп жаткан Өзбекстан, Армения өңдүү мамлекеттерге барып келүүнү сунуш кылды.

Депутат Экмат Бейбакпаев ага коротула турган акчаны конкреттүү жумуштарга колдонууга чакырып, анын ичинде Ысык-Көлгө кеткен жолдун боюна даараткана салыш керек экенин айтты.

“Кыргыз туризм” мамлекеттик ишканасынын түзүү тууралуу чечимге 2-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов “Кыргыз туризм” ишканасы Кыргызстандын булуң-бурчунда ачыла турган туристтик маалымат борборлорун башкарарын айткан.

Андан тышкары ишкана тарыхый жайларды, мамлекеттин колундагы айрым туристтик объектилерди көзөмөлдөйт. Кээ бир мейманканалар менен туристтик жайларды “Кыргыз туризмге” өткөрүп берүү да пландалууда. Ишкана Интернет аркылуу Кыргызстанды жарнамалап, чет жакта жармаңкелерди да өткөрөт.

Анын директорун премьер-министр эки жылдык мөөнөткө дайындайт жана өкмөт башчы кызматтан ала алат. Жаңы ишкана ачууга 50 миллион сом бөлүнөт.

6-февралдагы парламенттин жыйынында өкмөт сунуш кылган “Туризм жөнүндө” мыйзам долбоорун депутаттар четке кагып, толуктап иштеп чыгууну тапшырышты.

Былтыр күзүндө эл аралык "Lonely Planet" басылмасы Кыргызстанды саякат үчүн эң ылайыктуу он мамлекеттин катарына кошкон. Ага карабай, туризм тармагы өнүгүүгө муктаж экени айтылып келатат.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанга 2018-жылы 7 миллион турист келген.

XS
SM
MD
LG