Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:54

Өзбекстанда сот хижабга байланыштуу ишти карап жатат


Эл аралык ислам академиясында кийинип жүрүүнүн эрежеси.
Эл аралык ислам академиясында кийинип жүрүүнүн эрежеси.

Өзбекстанда сот хижабга байланыштуу алгачкы ишти карай баштады. Эл аралык ислам академиясынын 17 жаштагы студентинин атасы окуу жайынын жетекчилигин кызын сабакка хижабчан келүүгө тыюу салганы үчүн сотко берген. Абдувохид Якубов анын арызы боюнча сот процесси 7-февралда уланарын билдирди. Ал ошондой эле Шайхонтохур райондук соту үч ай бою анын арызын кароодон баш тартканын кошумчалады.

2018-жылдын сентябрь айында Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясы жоолук салынган кыздарга сабакка катышууга тыюу салган. Ошондон улам кыздар кеп чач же топу кийип окууга барууга аргасыз болушкан. Ал эми буга баш ийбеген төрт студент окуудан чыгарылган. Окуу жайынын жетекчилиги муну академиянын ичинде кийинип жүрүүнүн атайын эрежелери менен түшүндүргөн.

Ташкенттеги Эл аралык ислам академиясы былтыр жазында президент Шавкат Мирзиеёвдин буйругу менен негизделген.

XS
SM
MD
LG