Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков кымбат автоунаа маселесинен улам нааразы пикирлерди эске алып, саламаттык сактоо министрине кызматтан кетүүнү сунуш кылды. Мындай пикирин ал 6-февралда парламентте “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жатканда айтты:
- Ушундай чатактын башында турганыңыздан кийин министрликтин башында турганыңыз ылайыксыз.
Чолпонбаевдин бул кызматта отурууга моралдык акысы жок экенин айткан депутат бул сунушуна министрдин пикири зарыл эмес деп эсептей турганын кошумчалады.
Саламаттык сактоо министрлиги үчүн Дүйнөлүк банктын акчасына 82 миң долларлык жолтандабас сатылып алынганы тууралуу маалымат коомчулукта кызуу талкууланган.
30-январда депутат Абдувахап Нурбаев да тармактын абалы оор болуп турган учурда, министрдин мындай кымбат машине менен жүрүүгө моралдык акысы жок экенин айтып чыккан. Эртеси ал автоунаа өкмөттүн гаражына киргизилген.
2016-жылы ошол кездеги транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров кытайлык "Сhina Road and Bridge" компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү унааны пайдаланып жүргөнү аныкталган. Айдаров ал машине өзүнө чейинки министрден калганын айтып, бул жосуну үчүн кечирим сураган жана аны кытайлык компанияга кайтарып берген. (SE)