Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:53

Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчисине каршы митинг өттү


Митингдин катышуучулары.

Бишкек шаарында жүздөн ашуун киши Кесиптик кошуундар федерациясынын жетекчиси Мирбек Асанакуновго каршы митингге чыгышты. Алар мекеменин башчысы кошуунга чогулган мүчөлүк акыларды мыйзамсыз жумшап, федерациянын карамагындагы эс алуучу жайларды багытсыз иштетип жатканын айтып, анын иштен кызматтан талап кылышты.

Нааразылыкка чыккандардын бири, кесиптик кошуундун мүчөсү Венера Маймендеева акцияга чыккан себептерин эсептеп берди:

- Мирбек Асанакунов көз боёмочулук менен, жасалма документтер менен төрага болуп шайланып алган. Анын шайланышы боюнча биз Башкы прокуратурага, Финансы полициясына, президентке кайрылдык. Финансы полициясы кылмыш ишин козгоп, бирок андан майнап чыккан жок. Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты болгондуктан күйөөсүн кызматта кармап келе жатат. Мирбек Асанакуновдун тушунда кесиптик кошуундарга караштуу жерлер, пансионаттар сатылып кетти. Ал санаторийлерди жасалма түрдө банкроттукка жеткирип, сатып жатат. Мына, маселен, “Чолпон-Ата”, “Кыргызстан” пансионаттарын сатканы турат. Бөлүм башчыларды, пансионат жетекчилерин кызматтан кетирип, өзүнүн кишилерин ишке алууда. Ошондуктан биз анын иштен кетишин талап кылабыз.

Чогулган адамдар Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратына да кирүүгө аракет кылышты. Сакчылар аларды киргизишкен жок. Акцияга чыккандар 7-февралда Жогорку Кеңештин алдында нааразылыгын улантаарын айтып, тарап кетишти.

Кесиптик кошуундар федерациясынын басма сөз катчысы Мира Осмоналиева митингдеги дооматтар негизсиз экенин билдирди. Ал Мирбек Асанакунов келгенден бери бир да пансионат сатылбаганын, эгер сатылса аны жетекчи өзү эмес, кеңештин 30 мүчөсү чечээрин кошумчалады. Осмоналиева ошондой эле митингди мурда “Кыргызстан” пансионатын жетектеген Венера Маймендеева уюштуруп жатканын, буга анын өзү кызматтан алынганы себеп болгонун айтты.

Мирбек Асанакунов Кесиптик кошуундар федерациясынын төрагалыгына 2017-жылдын 16-январында шайланган. Ага чейин КСПД партиясынан Жогорку Кеңеште депутат, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG