Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Тогуз-Тородо кар көчкүгө камалып калган тогуз жүргүнчү чыгарылды


Кар көчкүнү тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Кар көчкүнү тазалоо учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Тогуз-Торо районунун Казарман - Актал-Чат унаа жолунун 43-45-чакырым аралыктарында кар көчкү түшүп, камалып калган бир жеңил автоунаа, эки оор жүк ташуучу автоунаа тогуз жүргүнчүсү менен чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеме кабарлагандай, камоодо калгандар кар көчкү тазаланган соң өз багыттары боюнча жүрүп кетишти. Эч ким жабыркаган жок.

Автоунаа жолу бир тараптуу ачылды. Учурда жолду кеңейтип тазалоо иштери жүрүп жатат.

6-февралга караган түнү Чоң-Алай районунун Сары-Таш - Дароот-Коргон - Карамык жолунда кар көчкү басып калган “Деу Матиз” автоунаасындагы эки адам аман-эсен чыгарылган. Түнү ушул эле райондо көчкүдөн өтө албай калган дагы 16 автоунаанын 70 жүргүнчүсүнө жардам берилип, жол ачылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG