Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:36

Боотаев: "Мобильник" каалаган учурда кардарлардын акчасын кайтарып бере алат


"Мобильник" электрондук төлөм системасы.
"Мобильник" электрондук төлөм системасы.

"Мобильник" компаниясы электрондук капчык аркылуу кандайдыр бир төлөмдөрдү жүргүзүп, ал акчасы дарегине жетпей калган же капчыгында кала берген акчасын ала албай жаткан бардык кардарларга акчасын кайтарып бере алат. Болгону ага компания жетекчилигинин каалоосу болушу керек. Бул тууралуу "Мобильник" электрондук төлөм компаниясынын негиздөөчүсү жана мурунку ээси Адилет Боотаев "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, "Мобильник" ишканасынын айланасындагы чуудан улам иликтөө жүргүзө баштаган Улуттун банктын кызматкерлери Адилет Боотаевден жардам сурап кайрылышкан. Боотаев компания каалаган учурда кардардын акчасын жеңил эле кайтарып койсо болорун "Мобильник" ишканасынын кеңсесинде Улуттук банктын өкүлдөрүнүн көзүнчө көрсөтүп, бул тууралуу тасманы 6-февралда "Фейсбуктагы" баракчасына жайгаштырды.

"Мобильник" электрондук төлөм операторунун азыркы жетекчилиги ошол эле күнү билдирүү таратып, 25-январдан 5-февралга чейин кардарлардан келип түшкөн бардык төлөмдөрдү кайтарып берерин жарыя кылды. Ага ылайык акча каражаттары системадагы маалыматтар калыбына келтирилгенден кийин кайтарыла баштамакчы. Бардык төлөмдөр багытталган дарегине жеткирилерине да кепилдик берилген.

Январь айынын аягында "Мобильник" электрондук төлөм оператору аркылуу акчалай операцияларды жүргүзгөн кардарлар анын ишке ашпай калганына нааразылыгын билдирип чыгышкан. Айрым кардарлар электр жарыгы үчүн төлөгөн акчасы "Түндүк электр" ишканасына жетпей, жарыксыз калып, натыйжада электр компаниясы менен кардарлардын ортосунда келишпестик жаралган. Буга байланыштуу "Мобильник" электрондук төлөм операторунун кызматынан баш тартканын 30-январь күнү "Түндүк электр" ишканасы жарыялады. Көп өтпөй "Мегаком", "О" уюк операторлору жана башка ишканалар да кардарларын "Мобильник" аркылуу төлөм жүргүзбөөгө чакырышты. "Мобильник" системасынын негиздөөчүсү жана мурунку ээси Адилет Боотаев компаниясын казакстандык ишкерге тарттырып жибергенин жарыялаган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG