Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Дүйнөлүк банктын башчылыгына Дэвид Мэлпастын талапкерлиги сунушталды


Дэвид Мэлпас.
Дэвид Мэлпас.

АКШ президенти Дональд Трамп Дүйнөлүк банктын башчылыгына АКШнын финансы министринин орун басары Дэвид Мэлпасты сунуштады.

Бул билдирүүнү АКШ президенти 6-февралда Ак үйдө журналисттердин катышуусу менен өткөн жыйында билдирди. Трамп Мэлпастын буга чейинки иштерин белгилеп, Дүйнөлүк банктагы каражаттардын натыйжалуу сарпталышына жетишет деген ишеним артууда.

- Мен биз чогуу ири ийгиликтерге жетишерибизге, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө жакырчылыкты жоюуга жетишебиз деп ишенем, - деди Мэлпас.

Эми Мэлпастын талапкерлигин Дүйнөлүк банктын башкаруучулар кеңеши бекитип бериши керек. Дэвид Мэлпас Дүйнөлүк банктын Кытайга мамилесин сындап келгени менен белгилүү. Ал банкты Бээжинге ири өлчөмдө насыя бергени үчүн айыптаган. Мэлпастын пикири боюнча, Кытайдын өзүндө деле каржылык ресурс жетиштүү, тышкы же эл аралык жардамга муктаж эмес.

Дүйнөлүк банктын мурдагы башчысы Жим Ен Ким кызматынан 1-февралда бошонуп кеткен.

XS
SM
MD
LG