Түндүк атлантикалык альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг бейшембиде "Функе" медиа тобуна курган маегинде Евробиримдик коргонуу маселесинде НАТОго атаандаштык жаратпоого тийиш экенин билдирди:
- Европанын коопсуздугу Түндүк атлантика мамилесине көз каранды. Ошондуктан, Евробиримдик өз алдынча аракеттенүү ниетин билдирбеши керек. Мен Евробиримдикке ишенем, бирок НАТОго атаандаш катары эмес, - деди Столтенберг.
Баш катчы Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин эрежеге ылайык, НАТОнун биримдиктен сырткы өнөктөшү катары альянс чыгашаларынын 80% көтөрүүгө тийиштигин эскертти.
Ошол эле учурда ал Европанын аскердик жааттагы бардык долбоорлорун колдоого аларын, анын ичинде коргонуу тармагындагы бир катар долбоорлорду каржылай турган фонд түзүү демилгесин да кубаттады. Столтенберг булар НАТОго атаандаш эмес, аны кубаттоочу элементтер болууга тийиш экенин белгиледи.
6-февралда НАТО менен Македония келишимге кол койду. Документти НАТОго кирген бардык мамлекеттер ратификация кылгандан кийин Македония Түндүк-Атлантикалык альянстын 30-мүчөсү болуп калат.
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг бул келишим Македонияны НАТОнун 30-мүчөсү кылып кабыл алуудагы маанилүү документ экенин өткөн аптада айткан.
2-февралда Столтенберг “Твиттердеги” баракчасына “6-февралда биз тарыхты жазабыз” деген билдирүү калтырган.