Техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкек-Стамбул багытындагы учак "Манас" эл аралык аэропортунда токтоп турат.
"Pegasus" компаниясынын PC701 каттамы 7-февралда таңкы саат 7:05те учмак. Жүргүнчүлөр учакка отургузулгандан кийин техникалык кемчилик аныкталып, элди кайра түшүрүшкөн. Каттам саат 10:30га жылдырылып, ал деле аткарылбай калды.
Түркиянын "Pegasus" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү катары иштеген "Эйр Манас" компаниясынын башчысы Талгат Нурбаев "Азаттыкка" учак саат 11ге жакын оңдолуп бүтүп, учууга даярдалып жатканын билдирди.
Кыргызстанда учактардын техникалык мүчүлүштүктөн улам учпай калган, асманга көтөрүлүп кайра конгон учурларды соңку жылдары көп катталууда. (SE)