Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаевдин пикиринде экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш иши кол тийбестиктен ажыраган жана кимдир бирөө көрсөтмө берген учурда козголушу мүмкүн:
- Кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча, бул жерде маселе кызмат адамдарына байланышкан кылмыш иштин алкагында гана каралат. Эгер сотто каршы көрсөтмө берилсе, ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат, - деген Сагынбаев азырынча андай көрсөтмө жоктугун кошумчалады.
Экс-президенттин кол тийбестик макамын алып салууну сунуштаган мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңештин кароосунда тургандыгы белгилүү.
Мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев баштаган мамлекеттик жооптуу кызматкерлер ЖЭБди модернизациялоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында шалаакылык, жемкорлук боюнча айыпталып, былтыртан бери камакта отурушат. Камактагы мурдагы жетекчилер өздөрүнө коюлган айыптарды төгүндөп келатышат.
386 миллион долларга модернизацияланган ЖЭБде 2018-жылдын 26-январында авария болуп , Бишкектин көп кабаттуу турак үйлөрү бир жумадай жылуулуксуз калган. Бул авариядан кийин текшерүү жүрүп, каражаттар максатсыз пайдаланган деген негизде кылмыш иши козголгон. (SE)
Пикирлерди көрүңүз (28)
дагы пикирлерди жүктөө