Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

"Коопсуз шаар": камералар жети эреже бузууну каттайт


Маалымат технологиялары жана байланыш комитети 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштарын билдирди. Камералар жол коопсуздугундагы жети эреже бузууну аныктайт.

1.Светофордун тийиштүү чырагына баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, көк шиберде жана жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Светофордун токтотуу белгисиндеги өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автоунаа токтотуучу жерлердин, аялдамалардагы талаптарды бузуу.

Эреже бузуулар боюнча бардык маалыматтар Жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда каралат. Ыйгарым укуктуу органдар видеотасма жана сүрөттөр иштелип чыккандан кийин, автоунаанын ээсине айып салуу жөнүндө токтом жөнөтүлөт.

12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун биринчи фазасы тест режиминде иштей баштайт. Анын алкагында Бишкектеги 10 кесилишке камера орнотулуп, 17 стационардык, 20 көчмө программалык аппарат комлекстери коюлат. Андан тышкары, жол белгилерин жаңылоо иштери жүрөт.

Долбоор төрт этапка бөлүнүп, тийиштүү жабдуулар Бишкекте жана Чүй облусунда орнотулат. Аны Орусиянын "Вега" концерни ишке ашырат.

XS
SM
MD
LG