Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:44

Ноокенде 30 жыл мурда башталган мектептин курулушу бүтпөй турат


Курулушу бүтпөй турган мектеп.

Жалал-Абаддын Ноокен районуна караштуу Шамалды-Сай кыштагында 1989-жылы курулушу башталган №26 Тургунбай Анаркулов атындагы мектептин имараты бүтпөй турат.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Заирбек Кыралиев билдирди.

Союз мезгилинде башталган чоң мектептин курулушу каржы маселесинен улам токтоп калган. Эки жыл мурда курулуш иштери кайра жанданган.

- Быйыл каражат бөлүнсө, 2019-жылы мектеп ишке берилет,- деди Кыралиев.

Азырынча быйыл мектеп курулушуна каражат бөлүнгөнбү же жокпу, белгисиз.

Райондогу Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Мамасадыков билдиргендей 1989-жылы 820 орундуу үч кабат мектептин курулушу башталып, каржылоо токтоп калгандыктан долбоору бир кабаттуу 320 орунга өзгөртүлгөн.

2014-жылы жаңы долбоор жасалып, мектеп эки кабаттуу 520 орунга ылайыкташкан. Курулуш иштеринин 80% аяктаган. Ал үчүн 77 млн. сом каралган.

Ноокен районунун Достук айыл өкмөтүнө караштуу Шамалды-Сай шаар тибиндеги кыштагынын 900дөй окуучусу учурда 1959-жылы салынган авариялык абалдагы эски жатаканынын имаратында үч нөөмөт менен окуйт.

Айылдын калган 300дөй баласы коңшу кышактагы мектепке алты чакырым аралыкка каттап жатышат. (RsK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG