Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Орусиянын эки аймагында “Жахабанын күбөлөрү” кармалды


Даниянын жараны Деннис Кристенсен сот залына кирип баратат. Орел шаары. 6-февраль, 2019-жыл.
Даниянын жараны Деннис Кристенсен сот залына кирип баратат. Орел шаары. 6-февраль, 2019-жыл.

Орусиянын эки аймагында 2017-жылдын апрель айынан бери тыюу салынган "Жахабанын күбөлөрү" диний уюмунун өкүлдөрү кармалды. Ханты-Мансийск автоном округунда кармалгандар “Жахабанын күбөлөрү эмес адамдардан өздөрүн өйдө көргөн үгүттөрдү жасашканы” айтылат. Маалыматта алар "мыйзамсыз жыйын өткөрүү, экстремисттик идеяларды жайылтып, тыюу салынган диний топко жаңы адамдарды тартуу" менен алектенген деп шектелүүдө. Кармалгандардын саны боюнча азырынча так маалымат жок.

Ошол эле кезде Мордовия Автоном Республикасында 7-февралда "Жахабанын күбөлөрүнүн" мыйзамсыз ишмердигине каршы жүргүзүлгөн операция учурунда бир канча адам кармалып, иликтөө башталды.

Бул кармоолор Орусиянын Орел шаарында Даниянын жараны Деннис Кристенсен "Жахаба күбөлөрү" диний уюмунун жергиликтүү бөлүмүн жетектегени үчүн күнөөлүү деп табылып, алты жылга эркинен ажыратылган учурга туш келди. Деннис Кристенсенге сот өкүмү 6-февралда чыкты.

"Amnesty International" баш болгон бир катар эл аралык уюмдар Кристенсенди бошотууну талап кылып, билдирүүлөрдү таркатышкан.

XS
SM
MD
LG