Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:56

Казакстанда төрт адам газга ууланып каза тапты


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Павлодар облусунун өзгөчө кырдаалдар кызматынын кабарлашынча, Баянаул районунун Узун-Булак айылындагы жеке үйдөн 6-февраль күнү кечки саат тогуз жарымда төрт адамдын сөөгү табылган.

Алардын баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болушкан. Кырсыктан жубайлар жана алардын 14 жаштагы кызы, 11 жаштагы уулу каза тапкан. Алдын ала иликтөөлөрдө алар газга ууланып каза тапканы аныкталган. Бир нече адам көз жумган окуя боюнча укук коргоо органдары иликтөө иштерин баштады.

Баянаул районунун ички саясат башкармалыгынын башчысы Нурсултан Шайхиндин айтымында, бул үй-бүлөнүн дагы эки кызы бар, алар райондун борборунда окушат. Шайхин мамлекет кыздарга жардам бере турганын айтты.

4-февралга караган түнү Астананын Сарыарка районунда да 30 чарчы метр үйдө өрт чыгып, беш бала күйүп, каза тапкан. Балдардын эң кичүүсү үч айлык болсо, улуусу 12 жашта эле. Кырсык болгон чакта балдардын ата-энеси түнкү нөөмөттө жумушта болгон.

Бул окуя элдин бийликке нааразылыгын жаратты. 6-февралда Астанада жүздөгөн аял чогулуп, бийликтен элдин жашоо-шартын жакшыртууну талап кылды.

XS
SM
MD
LG