Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:08

Стамбулда көп кабаттуу үй кулап, үч киши каза тапты


Урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин уланууда. 7-февраль, 2019-жыл
Урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин уланууда. 7-февраль, 2019-жыл

Шаршембиде Стамбул шаарынын Азия бөлүгүндөгү Картал районунда көп кабаттуу үй кулап, кырсыктан кеминде үч киши каза тапты. Түрк бийлигинин маалымдашынча, дагы ондон ашуун адам ооруканага жеткирилген.

- Жараат алган 12 киши шаардын ар кайсы ооруканаларында, анын ичинде Картал илимий даярдоо борборунда дарыланып жатат. Тогуз адамдын абалы жакшы. Үч киши оор абалда жатат. Дагы үч киши каза тапты, - деди кырсык болгон жерге келген Стамбулдун губернатору Али Ерликая.

Түркиянын Өзгөчө кырдаалды жөндөө мекемесинин кызматкерлери урандынын алдында калгандарды издөө жана куткаруу иштерин улантууда. Куткаруучулар бир нече кишини аман алып чыгышты. Кыйраган үйдүн тегереги курчоого алынды.

Стамбул шаардык бийлигинин маалыматы боюнча, кулап калган имараттагы 14 батирде 40тан ашуун киши жашачу.

Стамбулдун губернатору белгилегендей, имараттын биринчи кабатында мыйзамсыз иштеген текстиль фабрикасы орун алган. Ал эми имараттын жогорку үч кабаты уруксатсыз курулган. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган кырсык болгон жерге ички иштер жана айлана-чөйрөнү коргоо министрлерин жиберди. Окуя боюнча кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG