Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Жээнбеков ШКУнун алдыдагы саммитин уюмдун катчысы менен такташты


Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов.
Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Норов.

Президент Сооронбай Жээнбеков 7-февралда, Шанхай кызматташуу уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Владимир Норовду кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Мамлекет башчы 18 жылдык ишмердигинде аталган уюм коопсуздук жана мамлекеттер аралык мамилелердин туруктуу өнүгүүсүн камсыздоонун маанилүү фактору болуп калганын белгиледи. Ал кыргыз тарап ШКУ төрагалыгы алкагында активдүү иш аткарууда, сүйлөшүүлөр жүрдү, көптөгөн тиешелүү структуралар менен маселелер талкууланды.

«Бишкекте 2019-жылдын июнь айында өтө турчу ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын саммитине чейин биз бардык тиешелүү иш-чараларды жүргүзүп, кадырлуу меймандарды күтүүгө даярданабыз. Бүгүнкү күндө ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын отурумунда кол коюуга пландалган жыйынтыктоочу документтер иштелип жатат», - деди Жээнбеков.

ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов анын башкы катчы катары биринчи сапары бул жылы ШКУда төрагалык кылган Кыргызстанда болуп жатканын символикалуу деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы иштер министри жана Коопсуздук кеңешинин катчысы, жаштар кеңешинин жетекчиси жана ШКУнун ишкердик кеңеши менен жемиштүү жолугушуулар өттү. Бул жолугушууларда биз саммитке чейин чечиле турчу маселелердин бардыгын кеңири талкууладык. Баарынан мурда – бул даярдала турган документтердин пакети», - деп айтты Владимир Норов.

ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити Кыргызстанда 14-15-июнь күндөрү өтөт. Былтыр июнь айында Кытайдын Циндао шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын кезектеги саммитинде уюмга төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG