Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:04

Мурат Суталиновдун соту 15-февралга калды


Мурат Суталинов соттук отурумда.
Мурат Суталинов соттук отурумда.

Бишкектин Ленин райондук сотунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы жетекчиси Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу маселеси каралды.

Жаза аткаруу мекемесинин кызматкери Суталиновдун мүнөзү чырдуу болбогонун, аны бошотууга каршылыгы жок экенин айтты. Андан кийин дарыгер көрсөтмө берип, соттолуучунун абалы оор экенин билдирди.

Сот тараптарды уккандан кийин иш менен таанышуу үчүн убакыт керектигин айтып, отурумду кийинкиге калтырды. Кийинки процесс 15-февралга белгиленди.

2010-жылдын апрель окуясынан кийин камалган Мурат Суталинов "өсмө (рак) оорусуна чалдыккан жана дарты өтүшүп кеткен" деген жүйөнү дарыгерлер айтып келатышат. 30-январдагы процессте муну анын адвокаты Тимур Карабаев "Азаттыкка" сүйлөп жатып ырастаган.

Мыйзамга ылайык, абакта отурган жарандар катуу ооруга чалдыккан учурда сот аркылуу эркиндикке чыгууга укуктуу. Ал үчүн соттолгон жарандын ден соолугу боюнча дарыгерлер бүтүм чыгарып бериши керек.

2010-жылы атайын кызматты жетектеген Мурат Суталинов апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG