Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:49

Берлинале кинофестивалы башталат


Быйыл конкурстук программада көрсөтүлө турган 17 тасманын ичинен жетөөн аял режиссерлер тарткан.
Быйыл конкурстук программада көрсөтүлө турган 17 тасманын ичинен жетөөн аял режиссерлер тарткан.

Берлинале бүгүн, 7-февралда Германиянын баш калаасында башталат. Быйыл 69-жолу өтүп жаткан фестивалды даниялык режиссер айым Лоне Шерфигдин "Бейтааныш адамдардын кайрымдуулугу” деген тасмасы ачат.

Жалпысынан быйыл иш-чарада 400дөй тасма көрсөтүлөт. Алардын 17си конкурстук программага катышып, башкы сыйлык деп эсептелген алтын жана күмүш аюулар үчүн ат салышат.

Конкурстук программада көрсөтүлө турган 17 тасманын жетөөн аял режиссерлер тарткан. Орусиядан бул ирет эки режиссер дебютант бар. 26 жаштагы Александр Горчилин “Кислота” деп аталган кинодрамасын тартууласа, Александр Золотухиндин Биринчи дүйнөлүк согуш маалындагы айылдык өспүрүмдүн жашоосун баяндаган “Орус бала” деген тасмасы катышып жатат.

Бул фестивалга эки жыл мурун Кыргызстандан Актан Арым Кубаттын “Кентавр” аттуу фильми катышкан.

Сыйлыктарды тапшыруу аземи 16-февралда адаттагыдай эле эле Потсдамер-плацтагы Фестивалдар сарайында өтөт.

XS
SM
MD
LG