Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Демократтар Трамптын салык декларациясын ачыкка чыгарууну талап кылышты


Ненси Пэлоси.
Ненси Пэлоси.

Конгресстеги демократтар АКШ президентинин салык декларациясын ачыкка чыгарууну талап кылышууда.

7-февраль күнү конгрессмендер президенттерди жана президенттикке талапкерлерди салык декларациясын жылына бир жолу жарыялап турууга милдеттендирүү боюнча сунушту карашты.

Бейшембидеги басма сөз жыйынында спикер Ненси Пэлоси коомчулук президент Трамптын салык декларациясын көрүүгө кызыгарын билдирди:

- Менимче элдин басымдуу бөлүгү президенттин салык декларациясын көргүсү келет. Алар чындыкты, фактыларды билгиси келет. Анын жашыра турган эч нерсеси жок.

Президенттин кирешеси тууралуу декларацияны ачыкка чыгарууга арналган угуу Трамп Конгресстин биргелешкен жыйынында кайрылуу жасагандан эки күндөн кийин болду. Ал өз кайрылуусунда демократтарды “керексиз партизандык иликтөөлөрдөн баш тартууга” чакырган эле.

XS
SM
MD
LG