Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:38

Орусия: АКШ ракеталарды жок кылуу боюнча келишимди аткарбай жатат


Орусиянын баллистикалык "Точка-У" ракетасы курал көргөзмөсүндө. 28-октябрь, 2018-жыл.
Орусиянын баллистикалык "Точка-У" ракетасы курал көргөзмөсүндө. 28-октябрь, 2018-жыл.

Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Вашингтон эки тараптуу келишимдин мөөнөтү аягына чыкканга чейин анын талаптарын аткарууга тийиш экенин белгиледи.

- Биринчиден, ал кургакта туруп "Tomahawk​" ракеталарын учурууга колдонулуучу МК-41 жабдыгын, экинчиден баллистикалык ракеталарга мүнөздүү болгон орто жана алыс аралыкка учуучу кароол ракеталарын, үчүнчүдөн, келишимде тыюу салынган учкучсуз учактарын жок кылууга тийиш, - деди ал.

Мурдараак Орусиянын Коргоо министрлиги "АКШ эки жылдан бери жакынкы жана ортоңку аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга камданып келе жатат" деп билдирген.

Ак үй 2-февралда 1987-жылы АКШ менен Советтер Союзу орто жана кыска аралыктагы ракеталарды жок кылуу боюнча кол койгон келишимден чыккан. 2-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Москва да келишимден чыгарын белгилеп, жаңы үлгүдөгү куралды өнүктүрүүнүн үстүндө иштей турганын айткан.

АКШ президенти Дональд Трамп келишимден баш тартууну "Орусия өз милдеттерин аткарбай жатат" деп түшүндүргөн. Москва "келишимдеги милдеттерин аткарбай жатат" деген сынды четке кагып келе жатат.

СССР менен АКШнын ортосунда 32 жыл мурда кол коюлган документ 500-5500 чакырымдык орто жана кыска аралыкка учуучу ракеталарды чыгарууга, колдонууга жана жайгаштырууга тыюу салган.

XS
SM
MD
LG