Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 02:13

Аялдар абагында түрмө кызматкерлери үчүн атайын психологиялык бөлмө ачылат


Иллюстрациялык сүрөт.

Түрмө кызматкерлерин атайын психологиялык жактан жардам берүүчү бөлмө менен камсыз кылуу долбоору ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен ишке ашып жатат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова билдирди. Анын айтымында, мындай бөлмө жалпы өлкө боюнча алгачкы жолу, Чүйдөгү Степное айылына жайгашкан аялдар абакканасына ачылып жатат.

- Психологиялык бөлмө мурда соттолгондор үчүн гана ачылган, - деди ал. - Эл аралык стандарт боюнча түрмө кызматкерлери да иш нөөмөтүнөн чыккандан кийин өз ойлору менен бөлүшүп, эс ала турган атайын жай болушу керек экен. Биз атайын долбоор жазып, алгачкы жолу ачып жатабыз.

Өткөн жылдары түрмө кайтарып жүрүп өз өмүрүнө кол салган аскерлер болгон.

Учурда Кыргызстандагы жабык жайларда 15 миңдей киши кармалып турат. Алардын ичинен үч жүзгө жакыны аялдар. Элүүдөн ашуун жашы жете элек балдар бар.

XS
SM
MD
LG