Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:36

Бишкекте мүлк боюнча чечим чыгарган мурдагы судьяга кылмыш иши ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын район аралык сотунун мурдагы судьясынын (Н.Ж.) иштеп турган мезгилдеги чечими боюнча кылмыш иши ачылып, сотко чейин өндүрүшкө алынды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди.

Тергөөдө аныкталгандай, мурдараак «Г.Э.» жана «ЭДС» жоопкерчилиги чектелген коомдорунун ортосунда мүлк сатуу боюнча алды-сатты келишими түзүлгөн. Ага ылайык Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү 45-45 дарегиндеги жер тилкеси «ЭДС» фирмасына өткөрүлгөн. Кийин бул кыймылсыз мүлк кылмыш ишинин алкагында камакка алынып, мамлекеттин пайдасына конфискацияланышы керек экендиги ачыкка чыккан.

Ага карабай аталган судья (Н.Ж.) жагдайды билип турса да кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу аркылуу кеп болуп жаткан келишимди жокко чыгарып, мүлктү кайра каттоого уруксат берген. Ал мүлккө коюлган камакты алып салганына байланыштуу мамлекетке өтчү тилке үчүнчү тарапка сатылып кеткен.

Кеп болгон факты боюнча мурдагы судьяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы макулдук берди. Учурда тергөө иштери уланып жатат.

24.kg сайты өз булактарына таянуу менен иш козголгон экс-судья Жыргалбек Нурунбетов экенин жана келишим түзгөн фирмалар «Global Advertising», «ЭлитДомСтрой» деп аталарын жазды. (ErN)

XS
SM
MD
LG