Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Эгизбаевдин иликтөөсүндөгү каарман 20 миң сом айыпка жыгылды


Уланбек Эгизбаев.
Уланбек Эгизбаев.

Бишкектин Ленин райондук соту Уланбек Эгизбаевдин “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсүнүн каарманы Максат Баялиевди даттануучуларга 20 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” соттук отурумга көз салган медиа-эксперт Акмат Алагушев билдирди.

Юрист түшүндүргөндөй, Баялиев бул сумманы Түштүк-Батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовго жана бригадир Алихан Алиевге төлөп бериши керек. Тараптар кийинки апелляцияга кайрылаар-кайрылбасы азырынча белгисиз.

Эгизбаев көзү тирүүсүндө даярдаган бул иликтөөдө "кабырларды кызылдай акчага сатканы" маалымдалган Апасов менен Алиев "кадыр-баркыбызга доо кетти" деп сотко даттанышкан. Алар программада интервью берген көрүстөндүн мурдагы жетекчиси Самат Сулаймановго жана мүрзө казгыч Максат Баялиевге жалпысынан миллион сомдук доо коюшкан.

Самат Сулаймановго коюлган доо боюнча чечим чыга элек.

Доогерлер “Азаттык” радиосунан да моралдык чыгым өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Соңку соттук процессте алар бул доосунан баш тартышты.

Ошол эле кезде Эгизбаевдин "Көрүстөндөгү коррупция" иликтөөсүндө ачыкка чыккан жагдайлар тууралуу козголгон эки кылмыш ишин иликтеп жаткан Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) иликтөө-тергөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек.

28 жаштагы Уланбек Эгизбаев былтыр 22-июлда Ысык-Көлдөгү "Акун" пансионатында эс алып жүргөн кезде сууга чөгүп, күтүүсүз каза болгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG