Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тогузунчу кызматынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев суракка чакырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымында, Мусакеев аскердик прокуратурага чакырылып, Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын карап, андан башка жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу жөнүндө чечим чыгарды.
- Мусакеев "УКМКнын тогузунчу кызматын жетектеп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп эч негизсиз эле шек саналууда. Кылмыш иши Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин арасында кызматтык турак жайды бөлүштүрүү тууралуу болуп жатат. Белгилей кетчү жагдай - анда бир да кызматтык батир менчиктештирилген эмес. Демек, мамлекет эч кандай материалдык зыян тарткан жок. Биздин юристтердин айтымында Дамир Мусакеевге коюлуп жаткан доо юридикалык жактан алып караганда келечеги жок. Ошондуктан биз бул иш саясый өӊүттө болуп жатат деп эсептейбиз. Экс-президентти сатпай, “Форумдан” кетпей, Алмазбек Атамбаевдин жанында калган адамдардын баарын жок кылуу буюртмасы иш жүзүнө ашып жатканы баарына оркоюп эле көрүнүп калды, - деди Жолдубаева.
Дамир Мусакеев УКМКнын тогузунчу кызматынын башчысы болуп 2016-жылдын июнь айында дайындалган. Бул кызмат менен кошо УКМКнын жетекчисинин орун басарынын милдетин аркалаган. 2018-жылдын 4-апрелинде өз арызы менен иштен кеткен.
Бул кызматка чейин ошо кездеги мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөн Мусакеев азыркы учурда да экс-президентти кайтарып жүрөт. (ErN)