Орусиядагы "Распадская" ири көмүр шахтасынын автобусу кырсыктап, кеминде алты кенчи каза болуп, дагы 16сы жабыркады.
Көмүр казгандар иш нөөмөтү бүтүп кайтып келатканда унаа жолдон чыгып, сегиз метр бийиктиктен кулап кеткен.
Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Анын маалыматына караганда, ушу тапта автобустун колдонууга берилип жаткандагы абалы, кышкы мезгилге даярдыгы, айдоочунун медициналык көзөмөлдөн өткөнү, коопсуздук эрежелери сакталган-сакталбаганы териштирилүүдө.
2010-жылдын майында ушул эле "Распадская" шахтасында бир күндө эки ирет метан газы жарылып, 91 киши набыт болгон.