Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:35

Мал базарда аюу сатууну көздөгөндөргө кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Сайрам районунун Карабулак айылындагы мал базардын ээсине кылмыш иши козголду. Түркстан облустук полициясы анын базарында күрөң аюуну торго салып келип сатышканы белгилүү болгонун кабарлады.

Облустук токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын бөлүм башчысы Бакыт Мусалиев аюу Орусиядан кармалып келгенин билдирди.

- Эки жашар, колго үйрөтүлгөн аюу экен. Базардын ээси аны сатыкка чыгарган. Полиция аюуну убактылуу зоопаркка жеткирди, – деди Мусалиев “Азаттыктын” казак кызматына.

Бул боюнча "сейрек кездешүүчү жана жоголуу коркунучундагы жаныбарларды мыйзамсыз сатуу" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG