Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

"Дени сак эл" уюмунун адистери Алайда миңдей адамды акысыз дарылашты


"Дени сак эл" ассоциациясынын дарыгери бейтапты текшерип жатат. Алай, Ош, Кыргызстан.
"Дени сак эл" ассоциациясынын дарыгери бейтапты текшерип жатат. Алай, Ош, Кыргызстан.

Оштогу "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясынын кызматкерлери соңку бир апта ичинде Алай районунда миңден ашык тургунду текшерип, дарылап келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев билдирди.

Алар барган жерлеринде 20дай медициналык адистик боюнча бейтаптарды көрүп, кеңеш беришти. Оор абалдагыларды ооруканаларга алып келип дарылашты.

Көз каранды эмес "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясы 2017-жылдын март айында түзүлгөн. Уюмга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларда иштеген дарыгерлер кирет. Алар ыктыярдуу түрдө жумуштан тышкаркы убакта адистер жетишпеген аймактарда жашаган тургундарга акысыз жардам көрсөтүүнү максат кылат. Ыктыярчылар эки жыл ичинде Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын алыскы айыл-кыштактарын кыдырып, кеминде 20-30 миңдей адамга акысыз көмөк көрсөтүшкөн. Мындан сырткары алар карылар, майыптар үйлөрүндөгүлөргө да жардам кылып турушат. (ErN)

XS
SM
MD
LG