Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Прокуратура кызматкери менен милиция кызматкеринин иши УКМКга өткөрүлдү


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында милиция кызматкери тарабынан да, прокуратура кызматкерлери тарабынан да мыйзамсыз иш-аракеттер орун алганы аныкталган. Бул тууралуу маалымат Башкы прокуратуранын расмий сайтына жарыяланды.

2018-жылы 23-декабрда Балыкчы шаарында шаардык прокуратура кызматкерлери жол күзөт кызматынын кызматкери менен мушташып, милициянын сержанты шаардык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон күнү Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренесине ("Кызматтык укуктарынан аша чабуу") ылайык кылмыш иши козголгон. Азыр иш Ысык-Көл облусунун УКМК бөлүмүнө өткөрүлүп, иликтене баштады.

Башкы прокурордун буйругу менен бул окуяга байланыштуу Балыкчы шаарынын прокурору, анын жардамчысы жана стажеру кызматтан алынган.

XS
SM
MD
LG