Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 11:03

Кыргызстан 2018-жылы ИДПнын өсүшү боюнча коңшуларынан артта калды


Мухаммедкалый Абылгазиев Финансы министрлигинин бюджетти талкуулаган коллегиялык жыйынында.

2018-жылкы ички дүң өнүмүнүн өсүшү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан эң акыркы орунда турат.

Борбор Азия өлкөлөрү өздөрү жарыялаган расмий маалыматтарына ылайык Тажикстандын ИДПсы өткөн жылы 7,3 пайызга өсүп, аны сап башына чыгарган. Түркмөнстанда 6,2 пайыз өсүш байкалса, бул көрсөткүч Өзбекстанда 5,1 пайызды түзгөн. Коңшу Казакстандын ички дүң продукциясы 2018-жылы 4,1 пайызга көтөрүлгөн, ал эми Кыргызстандагы өсүш болгону 3,5 пайызды түзгөн.

7-февралда Финансы министрлигинин бюджетти талкуулаган коллегиялык жыйынында республикалык бюджет 135 437,6 млн. сом суммасында киреше жана 142 071,5 млн. сом суммасында чыгашаларды эске алганда 6 633,9 млн. сом дефицит менен аткарылганын айтылган. Дефицит мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын өкмөт башчы жетишкендик катары баалаган. (KR)

Пикирлерди көрүңүз (29)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG