Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

"ТЭЦ-2" конушунун тургундары жерин мыйзамдаштырууну талап кылууда


Бишкектин чет жакасы. 2010-жылдын апрель айы.
Бишкектин чет жакасы. 2010-жылдын апрель айы.

"ТЭЦ-2" жаңы конушунун 200дөй тургуну чогулуп, алардын 2005-жылы алган жер тилкелери мыйзамдаштырылбай жатканын айтып, өлкө жана шаар бийлигине кайрылуу жасашты. Алардын бири Абдырахман Дүйшөналиев бул тууралуу "Азаттык" радиосуна билдирди:

- 2005-жылы Ленин райондук администрациясы тарабынан токтомдор чыгып, "ТЭЦ-2" жаңы конушунун элге үй салуу үчүн жер участкалары берилген. Бүгүнкү күндө аталган конушта миңге жакын үй салынып, эл жашап жатат. Эл өз эсебинен жолдорго шагыл төгүп, таш төшөп, электр зымдарын тартып, конушка свет киргизип алган. Бирок биз 2005-жылдан бери жерлерибизди мыйзамдаштыра албай келебиз. Ленин райондук администрация берген токтомдор мыйзамсыз делген негизде азыркы учурда бул конуштагы участкаларга арест коюлган.

Абдырахман Дүйшөналиев "ТЭЦ-2" конушунун көйгөйүнө 14 жылдан бери бийлик тарабынан көңүл бурулбай келгенин, анын тургундарынын социалдык абалы начарлап баратканын айтып нааразы.

Буга чейин шаар бийлиги Бишкектеги жети миң участоктун маселеси чечилип, анын 3600үнө кызыл китеп берилерин кабарлаган.

2005-жылдан кийин айрыкча Бишкектин айланасындагы бир катар жер тилкелерин өз алдынча басып алуу менен турак жайлар курулган.

Буга чейин өкмөт 9 миң гектар боюнча ишти 2019-жылдын биринчи жарымында жыйынтыктоону көздөп жатканын, баары жер ээлери арыз жазып кайрылганына жараша болорун эскерткен.

Өкмөт буга чейин маалымдагандай, жалпысынан 40 миң үйдүн курулушу мыйзамдаштырылат. Бир үй-бүлөдө орто эсеп менен бештен адам болсо, 200 миң адамдын маселеси чечилет. (KR)

XS
SM
MD
LG