Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

Аба ырайы: кар жаайт


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

11-февралда түнкүсүн Ыссык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7,

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6,

Жалал-Абад жана Ош облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-9, күндүз -1…+4,

Нарын аймагында түнкүсүн -14…-19, күндүз -7…-12,

Баткенде түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20, күндүз -11…-16 градус болот.

11-февралда Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз жаан, кар жаайт. Жолдор тонголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 4…6° жылуу болот. (KR)

XS
SM
MD
LG