Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Венесуэла: дагы бир аскер адамы Мадуронун бийлигинен баш тартты


Президент Николас Мадуро өзүн колдогон аскерлер менен.
Президент Николас Мадуро өзүн колдогон аскерлер менен.

Венесуэладагы дагы бир аскер адамы Рубен Пас Хименес президент Николас Мадуронун бийлигинен баш тартып, парламент төрагасы, өзүн "убактылуу президент" деп жарыялаган Хуан Гуайдо тарапка өткөнүн билдирди.

Ал видеокайрылуусунда "Аскерлердин 90 пайызы нааразы" деди. Офицердин айтымында, армияны Николас Мадуронун бийлигин узартуу үчүн колдонуп жатышат. Полковник жана аскер дарыгери Рубен Пас Хименес күч түзүмдөрүн Мадуронун буйруктарын аткарбоого, АКШдан келе жаткан гуманитардык жүк үчүн Колумбия менен чек араны ачууга чакырды.

Буга чейин аскер-аба күчтөрүнүн генералы Франсиско Янес Гуайдону "убактылуу президент" деп тааныган.

Кошмо Штаттар, ошондой эле бир катар Латын Америка жана Европа мамлекеттери Гуайдону президент деп кабыл алышкан. Алар Венесуэланын аскер адамдары менен байланышта болуп, Мадурону колдоону токтотууга көндүрүүгө аракет кылышууда. Бул тууралуу “Рейтер” агенттигине жума күнү Ак үйдүн өкүлү билдирди.

Ал эми Венесуэланын расмий армия башчылары Мадурону таштап кетпей тургандыктарын жарыялашкан.

Парламент төрагасы Хуан Гуайдо 23-январда өзүн "убактылуу президент" деп жарыялаган. Азыр өлкөдө саясий жана конституциялык кризис менен коштолгон оор абал сакталууда. Күч түзүмдөрүн Орусия, Кытай, Түркия жана башка өлкөлөр колдоп жаткан Николас Мадуро башкарууда.

XS
SM
MD
LG