Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Беш жаныбарды атууга тыюу салуу боюнча сунуш түштү


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жапайы жаныбарларга жана кайберендерге аңчылык кылууга 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталууда. Буга байланыштуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, анда беш жаныбарды атууга тыюу салынганы жатат.

- Мурда биз Кызыл китепке кирген жапайы жаныбардын баарына мораторий киргизүүнү сунуш кылганбыз. Анын ичинде улары да, кекилиги да болчу. Көбү каршы болуп, мыйзам долбоору өтпөй калган. Бул жолу аркар, кулжа, тоо теке, эчки, элик жана доңуз деп бешөөнү бөлүп алдык, муну колдоп жатышат, - деди Эмил Токтошев.

Аталган мыйзам долбоору 11-февралда парламенттин тармактык комитетинде талкууланат.

Буга чейин аңчылыкка уруксат алуунун баасын да көтөрүү боюнча сунуштар түшкөн. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG