Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:54

“Альфа Телеком” үчүн айыпталгандардын иши кайра каралышы мүмкүн

"Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек.
"Мегаком" компаниясынын мурдагы жетекчиси Азамат Мурзалиев, анын кеңешчиси Алмазбек Абеков жана курулуш компаниясынын башчысы Аман уулу Кенжебек.

“Мегаком” соода маркасы менен таанымал “Альфа Телеком” уюк компаниясынын мурдагы жетекчилери Азамат Мурзалиевдин, Алмаз Абековдун жана Кенжебек Аман уулунун иши кайра каралышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Икрамидин Айткулов кабарлады. Анын айтымында, иш жаңы кабыл алынган кодекстердин негизинде каралышы ыктымал. Бул боюнча документтер прокуратурага тапшырылды.

- Иш жаңы ачылган жагдайлар менен эмес, жаңы кабыл алынган кодекстердин негизинде каралат, - деди ал.

Апрель ыңкылабынан соң мамлекеттин карамагына өткөрүлгөн “Альфа Телеком” ишканасынын жетекчилерине 2012-жылдын башында кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Аларга «Альфа Телеком» ишканаcына 142 миллион сомдон ашык зыян келтирди деген айып тагылган.

Сот чечимине ылайык, Алмазбек Абеков “Кылмышты легалдаштыруу”, “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “Алдамчылык” беренелери менен күнөөлүү деп табылып, үй-мүлкүн мамлекетке өткөрүү менен жалпысынан 25 жылга эркинен ажыратылган. Ал мамлекеттин эсебине 91 миллион 937 миң сом төлөп бериши керек. Азамат Мурзалиев “Ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча жалпысынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле өкүмгө ылайык “Альфа Телекомдун” мүлкүнө зыян келтиргени үчүн ал 22 миллион 284 миң сом төлөп бериши керек. Аман уулу Кенжебек “Алдамчылык” жана “Кылмыш далалаты” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылга кесилген. Абеков менен Мурзалиев абакта калып, Аман уулу мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган.

1-январдан тартып Кылмыш-жаза кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс, Тартип бузуу жөнүндө кодекс, "Пробация жөнүндө" жана "Мунапыс жөнүндө" мыйзамдар иштей баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG