Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:17

Нетаньяху Варшавада Иран маселесин көтөрөт


Биньямин Нетаньяху.
Биньямин Нетаньяху.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху 13-14-февралда Варшавада өтө турган "Жакынкы Чыгыштагы тынчтык жана коопсуздук" деген конференцияга катышат. Бул тууралуу ал жекшемби күнү өкмөттүн жыйынында билдирди.

- Ушул жумада Варшавадагы тынчтык жана коопсуздук иш-чарасына катышууга жөнөп кетем. Мен АКШнын вице-президенти Майк Пенс, мамлекеттик катчы Майк Помпео жана башка лидерлер менен жолугушам. Күн тартибиндеги негизги маселе - Иран, Сирияда анын таасирин азайтуу, анын аймактагы агрессиясына, эң биринчи Ирандын өзөктүк курал алышына жолтоо болуу.

Буга чейин Иран Сирияда аскердик турумун сактай турганын Израил эгер ирандык күчтөр бул өлкөдөн кетпесе, алардын соккусуна кабыларын айтып коркуткан учурда билдирген.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху анын өлкөсү “Сирияда Иранга каршы чара көрүүгө мурдагыдан да катуу белсенип турганын” айткан.

XS
SM
MD
LG