Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:40

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат


Президент Хасан Роухани Тегеранда борбордук аянтта чогулгандарга кайрылып жатат. 11-февраль, 2019-жыл.
Президент Хасан Роухани Тегеранда борбордук аянтта чогулгандарга кайрылып жатат. 11-февраль, 2019-жыл.

Тегеранда жана башка шаарларда өкмөт уюштурган демонстрацияларга кар жаап атканына карабай жүз миңдеген киши катышты. Баш калаанын "Азади" аянтында өткөн иш-чарада президент Хасан Роухани сөз сүйлөп, революциялык жана улутчул ырлар жаңырып турду.

Бул жолку майрам АКШ менен алака чыңалып, Вашингтон Иранга экономикалык санкциясын кайра киргизген маалда өтүп жатат. Ошондон кийин Европадагы бир катар компаниялар Ирандагы ишин токтоткон болчу.

Президент он миңдеген кишиге кайрылуусунда АКШ Иранга каршы “кутум” уюштурганын айыптады. Ал Вашингтон менен анын өнөктөштөрүнүн кысымына карабай, өлкөнүн аскердик кубатын, өзөктүк программасын өркүндөтүү улана берерин белгиледи.

Ирандын башка шаарларында да жүз миңдеген жоокер, динаятчы, жөнөкөй адамдар демонстрацияларга катышты. Көчөлөрдө илинген баннерлерде “Америкага өлүм!”, “Израилге өлүм!”, “АКШнын утулганына 40 жыл” деген жазууларды көрсө болот.

1979-жылдагы ыңкылапты эскерүү Иранда жыл сайын 1-февралда башталат. Мындан 40 жыл мурун дал ошол күнү Аятолла Рухолла Хомейни Франциядан 14 жылга созулган бозгундан кайтып келип, Ислам Жумуриятынын жогорку көсөмү болуп калган.

11-февралда АКШ колдогон акыркы шах Реза Пахлавинин бийлиги кулатылып, эки жарым миң жылдык монархияга чекит коюлган. Иранда шиит багытындагы динаятчыларынын режими орногондон бери 40 жыл өттү.

XS
SM
MD
LG